Ош шаарынын мэриясы Сары мазар көрүстөнүндөгү Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзү жаңыдан курулуп бүткөнүн билдирди.
Маалымдалгандай, бүгүн, 5-декабрда калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев күмбөзгө барып, куран окуткан. Жаңыдан курулган күмбөз мрамор таштар менен кооздолуп жасалып, ичинде зыяратчылар үчүн куран окууга ыңгайлуу шарт түзүлгөн.
Калаа бийлиги жакынкы күндөрү жаңыдан курулган күмбөз УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин, Алымбек датка менен Курманжан датканын урпактары жана туугандарынын катышуусунда ачылышы күтүлүп жатканын кошумчалады.
Эске салсак, Токторбаев август айында Кара-Суу районунда жайгашкан Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзүн
оңдоорун айткан. Сентябрда күмбөздү оңдоо иштерине Ташиев менен Токторбаев жеке эсебинен акча каражат бөлүшкөнү белгилүү
болгон.