Бүгүн, 20-январда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүн реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президент аппаратынын маалымат саясат боюнча бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысына өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттырууга жана анын Куралдуу Күчтөрүнүн негиздерин чыңдоого багытталган Куралдуу күчтөрдү реформалоонун жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Реформа ошону менен бирге аскерди куралдандырууну жакшыртууну жана модернизациялоону, аскердик башкаруунун борбордук органы - Генералдык штабды түзүүнү кошо камтыйт.
Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу жана мамлекеттин мыкты аскер уюмун түзүү үчүн Куралдуу күчтөрдүн реформасынын маанисин баса белгиледи.
Мамлекет башчысы өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн реформасы 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын негизги милдеттеринин бири болуп саналарын белгиледи.
"Кеңешмеге КРнын вице-премьер-министри Токон Мамытов, Коргоо кеңешинин катчысы Бейшенбай Жунусов, коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, УКМКнын төрагасы Бусурманкул Табалдиев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Райимберди Дүйшөнбиев, Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын командачысы Асанбек Алымкожоев катышышты", - деп президент аппаратынын маалымат саясат боюнча бөлүмү кабарлады.