Тажик генералы: “Баткенде кыргыздар куруп жаткан жол Тажикстандын аймагы аркылуу өтүп жатат” деген позициямдан кайтпайм”  

“Кыргызстан Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолун Тажикстандын аймагы аркылуу куруп жатат деген пикиримди өзгөртпөйм”. Муну 20-январда Тажикстандын Чек ара аскерлигинин башкы штабынын жетекчиси Шараф Файзуллоев билдиргенин тажик ММКлары жарыялашты. Айта кетсек, буга чейин Файзуллоев 11-январдагы кыргыз-тажик чек арачыларынын атышуусуна кыргыз тарапты күнөөлөгөн. 

Буга байланыштуу КРнын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанга үчүнчү нотаны жиберди. Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов “Биз Шараф Файзуллоевдин интервьюсун расмий билдирүү эмес, анын жеке пикири деп эсептейбиз. “Файзуллоевдин айткандарын Тажикстандын расмий жообу катары эсептөөгө болобу” деп Дүйшөмбүгө расмий кат жөнөттүк”,- деди. 

Файзуллоев кыргыз тараптын кезектеги нотасы жана каты менен тааныша электигин, бирок буга чейин карманган пикирин өзгөртпөй турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан