Жогорку Кеңештин депутаттары 20-январда Түрк-америка альянсынын президенти Фарук Табан менен жолугушту. Жолугушууга депутаттар Чыныбай Турсунбеков, Каныбек Иманалиев, Жоомарт Сапарбаев, Равшан Жээнбеков, АКШнын Орто Батыш түрк-америка федерациясынын президенти Сулейман Турхан, Максаттуу долбоорлоо жана менеджмент боюнча LLC компаниясынын вице-президенти Жемил Тебер жана башкалар катышты.
Каныбек Иманалиев 2013-жылы Кыргызстан менен Борбордук Азия тарыхында биринчи жолу кыргыз-америка бизнес форуму өткөнүн билдирди. Экинчи бизнес-форумду быйыл Кыргызстанда өткөрүү күтүлүп жатканы айтылды.
Жолугушууда Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаал, парламентаризм принциптерин өнүктүрүү, кызматташуу келечеги жана ошондой эле АКШнын конгрессмендеринин, губернаторлорунун жана башка өкүлдөрүнүн катышуусунда II кыргыз-америка бизнес форумун өткөрүү боюнча сөз болду.