Бүгүн, 21-январда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарындагы Осмонкул, Пархоменко көчөлөрүндө, Чоң Чүй каналынын тегерегинде, Сокулук районуна караштуу Романовка, Шалта, Сокулук айылдарындагы трансформаторлорду оңдоо иштерине байланыштуу жогоруда белгиленген аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул туурасында “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле жогорудагы белгиленген убакытта Аска-Таш конушундагы трансформатор ишке киргизилет.