Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев "Кабар" агенттигине курган маегинде Бишкектин реновация мыйзамы иштелип чыкканын билдирди.
Ал мыйзам жакында Жогорку Кеңешке кароого киргизилерин айтты.
"1960-70-жылдары курулган имараттарыбыздын убактысы келип жетти. Алардын мөөнөтү 50-70 жыл болсо, бүгүнкү күндө мөөнөтү аяктады. Ошондуктан биз жаңылоо иштерин жүргүзүшүбүз керек",- деди Орунтаев.
Министр мыйзамда жарандардын укугун коргоо биринчи орунда экенин кошумчалады.