Ташкентте кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара линияларынын долбоору талкууланды

Өзбекстан менен Кыргызстандын өкмөт өкүлдөрү кыргыз-өзбек чек ара линиялары боюнча  делимитация жана демаркация маселелерин талкуулашты. Жолугушуу 15-январдан 20-январга чейин Ташкен шаарында өткөн. КРнын Өзбекстандагы элчилигинин маалыматына ылайык, эки тарап кийинки жолугушууну Кыргызстанда өткөрүүнү пландашты. 
Кыргызстан Өзбекстан менен 1991-жылдан бери чек араны делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык 8 жыйын өткөргөн. Бирок талаш-тартыш жараткан аймактар боюнча маселелер чечилбей келген. Азыркы тапта эки мамлекеттик чек ара аймагындагы 1 058 чакырым аралык делимитацияланган жана 354 чакырым жер делимитациялана элек.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан