Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 12-декабрдагы жыйынында 30-ноябрда өткөн кезексиз парламенттик шайлоонун жыйынтыктары боюнча акыркы токтомду кабыл алып, 87 талапкерди депутат кылып каттады.
БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров шайлоонун тынч өткөнүн айтып, аны жетишкендик катары баалады.
"Митингдер жок, БШКнын алдында нааразычылык акциялары болбостон өткөн шайлоо Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болсо керек. Мындай фактылар аныкталган жок, болгон дагы жок. Бул да бир көрсөткүч, жетишкендик деп баалайт элем",- деди ал.
БШКнын төрагасы жаңы шайланган депутаттарга мандат тапшыруу боюнча расмий иш-чара 17-декабрда Жогорку Кеңештин имаратында өтөрүн кошумчалады. Бул күнү Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи жыйыны болот.