Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаровдун катышуусунда "Мурас" футболдук турнири башталды

Бишкек шаарында бүгүн, 13-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча "Мурас" мелдеши башталды. Ич-чаранын ачылыш аземи Кыргыз футбол союзунун Улуттук футбол академиясында өттү.

Президенттик администрация билдиргендей, мелдешке 16 команда катышууда.

Оюндар Кыргыз футбол союзунун Улуттук футбол академиясында жана “Газпром-балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде өтүүдө.

Турнирдин катышуучулары:

  • Президенттин администрациянын кызматкерлери, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилери — “Президенттин командасы”;
  • Маданият жана искусство өкүлдөрү — “Өнөр”;
  • Сот бийлигинин өкүлдөрү — “Фемида”;
  • ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер — “Журналисттер”;
  • Спорт федерацияларынын өкүлдөрү, спорт жылдыздары — “Спорт чеберлери”;
  • Президентинин Иш башкармалыгынын кызматкерлери — «Иш башкармасы»;
  • Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери — “Аймактар”;
  • Дин өкүлдөрү — “Ыйман;
  • Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери жана медициналык мекемелердин жетекчилери — “Ден соолук”;
  • Билим берүү системасынын кызматкерлери жана окуу жайлардын жетекчилери — “Билим”;
  • Юстиция органдарынын кызматкерлери — «Юстиция»;
  • Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери – “Коопсуздук”;
  • ИИМдин укук коргоо органдарынын өкүлдөрү – “Динамо”;
  • Прокуратура органдарынын кызматкерлери – “Көзөмөл”;
  • Дипломатиялык корпустун өкүлдөрү “Элчилер”;
  • Кыргызстан элинин Ассамблеясы жана диаспоралардын жетекчилери — “Достук”.

Эртең, 14-декабрда чейрек финалдык, жарым финалдык жана финалдык беттештер болот.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан