Бүгүн, 21-январда Айтмамат Кадырбаев мэрлик кызматына киришти. 20-январда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Ош шаарынын мэри күбөлүк алган. "Бүгүнкү биринчи кадамым жылуулук тармагынын учурдагы абалы менен таанышуу болуп эсептелет. Айрыкча кыш мезгилинде жергиликтүү тургундарды жылуулук менен толук камсыздап, үзгүлтүккө учуратпашыбыз керек",- деди Кадырбаев.
Айта кетсек, 15-январда Ош шаардык кеңешиндеги депутаттардын көпчүлүк добушу менен А.Кадырбаев шаардын мэри болуп шайланган.