Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин 21-январдагы жыйынында “КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга карата КРнын Президентинин каршы пикири каралууда.
Айта кетсек, мыйзамды Жогорку Кеңеш 2013-жылдын июнь айында кабыл алган. Ал мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган. Бирок президент мыйзамда карама-каршылыктар бар экенин айтып, каршы пикир билдирген. Президенттин ЖКдагы өкүлүнүн орун басары Анарбек Исмаилов мындай дейт:
“Президент мыйзамда гармонизация жок экенин айтты. Башка мыйзамдарга карама-каршы келген учурлар бар экенин билдирип артка кайтарган”.