Кечээ, 20-январда Жалал-Абад шаарынын мэри Муктар Арапбаевге КРнын Журналисттер союзу тарабынан «Жылдын мыкты мэр-мырзасы» диплому ыйгарылды. Ал эми Жалал-Абад шаардык мэриясы ар тармакта кызмат өтөгөн муниципалдык мекемелердин башчылары, ийгилик багындырган спортчулар, депутаттар, медицина кызматкерлери, фермерлер арасында жыл мыктыларын аныктап, аларга миң сомдон акчалай сыйлык жана грамоталарды тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.