Урмат Аманбаева, депутат: “Бизге кыргыз тили керек эмес, кадр керек” деген президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнүн орун басары мени таң калтырды”

ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин 21-январдагы жыйынында депутат Урмат Аманбаева президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнүн орун басарын “кыргыз тилине күйбөйт” деп айыптады. 

“Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнүн орун басары Анарбек Исмаилов мени таң калтырды. Ал бир жолу “бизге кыргыз тилинин эмне кереги бар? Кадр керек бизге” дейт. Бул эмне дегендик?”- деди Аманбаева.

Жыйынга катышып отурган Анарбек Исмаилов унчуга алган жок. Комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев А.Исмаиловго “бул эң туура эмес”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан