Бишкекте 21-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жарандарды коргоо боюнча жыл жыйынтыгын чыгарган отурум өтүүдө. Мекеменин басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, 2013-жылы 305 адам куткарылган. Алардын ичинен 146сы жол кырсыктарына кабылса, экстремалдык кырдаалдан 126, көлдөрдөн 33 адамга жардам көрсөтүлгөн. Кооптуу кырдаалда өзүн алып жүрүү боюнча 11 026 жаран окутуудан өткөн.