Депутат К.Орозова 10-11-класстардын окуу программаларына чачтарач, электрик, оператор, жыгач уста, сантехник сындуу кесиптерге үйрөтүү сабактарын киргизүүнү сунуштады

ЖКнын депутаты Карамат Орозова «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө», «Билим берүү жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарга бир катар түзөтүүлөрдү киргизе турган мыйзам долбоорлорунун топтомун иштеп чыкты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы бүгүн, 21-январда билдирди.
Маалыматка ылайык, сунушталып жаткан түзөтүүлөрдүн алкагында каржылоонун жаңы таризин киргизүү пландаштырылууда. Ага ылайык, мамлекеттик бюджеттин каражаты мектепке чейинки мекемелердин билим берүү кызматына берилет. Ушунун эсебинен бюджеттик ресурстун 50 пайызы же 875 миллион сом бошотулуп, ал мектепке чейинки шериктештик, жеке менчик мекемелердин билим берүү кызматына жумшалат.
«Ошентип, мектепке чейинки билим алчу балдардын саны 14,5 пайыздан 26 пайызга чейин өсөт же 177 бала камтылат. Ошол эле учурда ата-энелердин төлөмү жогорулап, ал 1,1 миң сомду түзөт»,- деп кошумчалады К.Орозова.
Ошондой эле мыйзам долбоорлорунун алкагында мектепке чейинки мекемелер бир катар катмарларга бөлүнөт: балдардын жаш курагы, дене бой жана психологиялык мүмкүнчүлүгү, иштөө убактысы боюнча. Депутаттын айтымында, бул мыйзам долбоорлорунун топтому жакын арада Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кароосуна киргизилет.
«Башкы максат – мектепке чейинки жеткиликтүү жана сапаттуу билим берүү. Мен «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга 10-11-класстардын окуу программаларына чачтарач, электрик, оператор, жыгач уста, сырдоочу, слесарь, сантехник сындуу кесиптерге үйрөтүү сабактарын киргизүүнү сунуштап жатам. Мындай кесипке ээ болуу жаштарыбыздын мүмкүнчүлүгүн кыйла кеңейтери бышык»,- деди депутат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан