Бүгүн 15-декабрда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы башкы жаңы жылдык балатынын оту жандырылды.
Балатынын бийиктиги 32 метр, чокусундагы жылдызы менен 35 метрге жетет. Аны 7 миңдей көк жана күмүш түстүү оюнчуктар менен кооздошту. Шаар тургундары жана коноктор үчүн муз тебүүчү аянтча жасалды.
Ошондой эле жаңы жылдык үйлөр, фудкорт жана фотозоналар коноктор үчүн эшигин ачты. Иш чарага белгилүү ырчылар келип, шаар тургундарына майрам тартуулашууда.