«Улуттар биримдиги» элдик партиясынын саясий кеңеши Кыргызстандын калкына, саясий партияларга жана коомдук уюмдарга билдирүү таратты. Билдирүүдө мындай деп жазылат:
«2014-жылдын 15-январында Ош шаарынын мэринин кызмат ордуна болгон шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн белгилейбиз. Шайлоо алдында «Улуттар биримдиги» партиясынын лидери Мелисбек Мырзакматов тууралуу «кара пиар» КТРК, ЭлТР жана 5-канал аркылуу берилип, аны «эл душманы» катары көрсөтүү аракеттери болду. Шайлоо процессинде жашыруун добуш берүү принциби сакталбай, депутаттарга моралдык-психологиялык басым жасалып, алардын коопсуздугуна коркунуч жаралды.
М.Мырзакматовду колдогон «Замандаш-Современник» саясий партиясынын Ош шаардык кеңешиндеги депутаты Нурадил Жолдошевдин мандаты сот жана БШК тарабынан ажыратылды. Натыйжада Ош шаарынын мэринин шайлоосу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана шайлоо мыйзамдарынын бузулушу менен коштолду. Мындай терс көрүнүштөр тынчтык митингине чыккан миңдеген адамдардын нааразычылыгын туудурду. Адилет жана таза шайлоо өткөрүү үчүн бийлик эң оболу өзү адилет жана таза болушу зарыл. Кыргызстанда мыйзам диктатурасы орноп, бийликке жаңы күчтөр мыйзам жолу менен келмейинче өлкөбүз өнүкпөйт.
Шайлоодон кийинки кырдаалга «Улуттар биримдиги» партиясынын саясий кеңеши жоопкерчилик менен баа берип, коомчулукка билдирүү жарыялайт:
• «Улуттар биримдиги» партиясынын жобосунда бекитилген принциптердин чегинен чыкпай, программабызда коюлган маселелерди турмушка ашыра беребиз.
• Ош шаардык кеңешиндеги «Улуттар биримдиги» партиясынын депутаттык фракциясы тарабайт.
• Ош шаарында партиянын демилгелери менен башталган жана жүрүп жаткан иштерди аягына чыгарыш үчүн аракеттерибизди улайбыз.
• Өлкөбүздү өнүктүрүү, элибиздин кызыкчылыктарын, улуттардын биримдигин коргоо максатында активдүү иш-чараларды жасайбыз.
• Бардык саясий партияларды, коомдук уюмдарды, келечегине кайдыгер карабаган жарандарды «Адилеттүү жана таза бийлик үчүн!» деген ураандын алдында чогуу аракеттерди көрүүгө чакырабыз.
Өлкөбүздүн келечеги Кыргызстандын элинин жана улуттардын биримдигинде! Адилеттик жана чындык үчүн биз тайманбай күрөшө беребиз!"