Биз социалдык тармакта

Орусиянын Одинцово шаарындагы мектепте бычак менен кол салуу болду (видео)

Орусиянын Одинцово шаарында мектеп окуучусу бычак менен кол салып, бир нече адам жабыркады. Алдын ала маалыматтарга ылайык, окуя Горки-2 айылындагы Успенская орто мектебинде болгон. Шектүү окуучу үч адамды бычактаганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, 4-класстын окуучусу жеринде каза тапты. Шектүү өспүрүм каза болгон окуучунун жанында өзүн сүрөткө тартканы, футболкасында "No Lives Matter" (Эч кимдин жашоосу маанилүү эмес) деген жазуу бар экени маалымдалды. Мындай аталыштагы айрым уюмдар зомбулукту, терроризмди жана адамзатты жок кылууну үгүттөгөн көз караштарды карманаары айтылууда.

Кол салган өспүрүм кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Орусиянын Одинцово шаарындагы мектепте бычак менен кол салуу болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан