Каныбек Осмоналиев: “Эл аралык жолугушууларда өлкө жетекчилери кыргыз тилинде сүйлөсө болбойт” деген туура эмес”

“Эл аралык иш-чараларда мамлекет жетекчилери кыргыз тилинде сүйлөөгө болбойт” дегенге каршымын”,- деди бүгүн, 21-январда ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында депутат Каныбек Осмоналиев. Айтымында, кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн аракет гана керек.

“Жакында санариптик телеберүүгө өтүү маселеси боюнча Латвияга бардык. Бизге бардык документтерди өз тилинде эле берип жатышты. Биз сурангандан кийин гана орус тилине которуп берүүгө өтүштү. Азыр бул иш кыйын деле эмес. Кыргыз тилинде бардык жерде сүйлөсө болот. Мисалы, ШКУнун саммитинде кытай төрагасы Си Цзиньпиндин орусча сүйлөгөнүн элестете албайм”,- деди Осмоналиев.

Айта кетсек, жыйында президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнүн орун басары Анарбек Исмаилов “эл аралык жолугушууларда президенттин кыргыз тилинде сүйлөшү туура эмес” деп билдирген болчу.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан