Биз социалдык тармакта

Депутат Улукбек Карыбек уулу ант берип жатып адашты

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттары ант берип жатышат. 24-округдан шайланган Улукбек Карыбек уулу ант берүүдө ката кетирип, антты үчүнчү жолку аракетте гана толук берди.

Ага чейин 12-округдан депутат болуп шайланган 25 жаштагы Бекмырза Чолпонбай уулу да толкундануудан улам анттын текстин унутуп калып, аны үч жолу кайталаган болчу.

Депутаттар Болот Ибрагимов менен Гүлнара Акимбаева ант берүү учурунда колун Конституцияга коюуну унутуп калышкан. Бирок кийин алар процедураны туура аткарышкан.

Азыркы тапта Жогорку Кеңештин 87 депутаты ант берип жатат. Биринчи жыйынга президент Садыр Жапаров жана өкмөт мүчөлөрү да катышууда.

Депутат Улукбек Карыбек уулу ант берип жатып адашты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан