Кыргызстанда былтыр жалпы республикалык тестирлөө боюнча ЖОЖдордо 284 гранттык орун бош калды. Муну бүгүн, 21-январда ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди.
Эмне үчүн бош орун калганын министр мындайча түшүндүрдү:
“Буга чейин жалпы республикалык тестирлөөдөн өткөн окуучулар үчүн коюлган босоголук балл төмөндөп турчу. Педагогикалык жана техникалык адистиктер боюнча сапаттуу, мыкты кадр даярдайлы деп былтыр босоголук баллды төмөндөткөн жокпуз. Анткени сапатсыз кадр окуу жайды аяктагандан кийин кайра мектеп окуучуларына билим берүүдө. Муну токтотууга аракет кылдык”.