Республика боюнча диний көз караштагы адамдардын эмдөөдөн баш тарткан учурлары катталат. Бул тууралуу 21-январдагы саламаттыкты сактоо министринин орун басары Кубанычбек Чойбеков билдирди. Анын айтымында, мындай учурлар түштүк аймагында көп катталат.
«Азыркы тапта медицина кызматкерлери жана ден соолук боюнча айылдык комитеттер дин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эмдөөнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүшүүдө”,- деди ал.
Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Жолдош Калилов өткөн жылы эмдөөдөн баш тарткандардын саны 2,5 пайызды түзгөнүн маалымдады.