Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери бекитилди

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында парламенттин түзүмү каралып, тармактык комитеттер бекитилди. Алар:

  • Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет;
  • Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет;
  • Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча комитет;
  • Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитет;
  • Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитет;
  • Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитет;
  • Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет;
  • Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитет.

Жогорку Кеңештин жалпы комитети берилген сунушту колдоп, тиешелүү токтом долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү тууралуу чечим кабыл алды.

Эске салсак, депутаттар Жогорку Кеңештин жалпы комитетинин төрагасы катары Улан Примовду шайлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан