Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары жашыруун добуш берүүнүн алкагында шайланды.
Төраганын биринчи орун басары депутат Чыңгыз Ажибаев болду. Ал эми Жылдыз Таалайбек кызы менен Карим Ханджеза орун басарлар болуп шайланышты.
Аталган маселе Жогорку Кеңештин жалпы комитети режиминде каралды.
Белгилей кетсек, бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын алгачкы жыйыны болду.