Оштун мэри А.Кадырбаев: "Мэриянын мурунку кызматкерлери менен иштешүүгө даярмын"

"Мэрияга өзүмдүн командамды алып келбейм" деди Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бүгүн, 21-январда өзүнүн мэрлик кызматына киришип жатып.
«Шайлоодон кийин, мен мэр болуп келгенде 11 кызматкер өз ыктыярлары менен жумуштан бошоо жөнүндө арыздарын жазып кетишти. Бул алардын укугу. Бош калган орундарга конкурс жарыяланат. Мэрияга өзүмдүн командамды алып келбейм. Өз милдеттерин так жана жакшы аткарган ошол эле аппарат кызматкерлери менен биргеликте иштешем»,- деди А.Кадырбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан