“Бажы биримдиги Кыргызстандагы кичи жана орто ишканалардын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Анткени тыштан алынып келинип жаткан сырьёлор Бажы биримдигине кирбеген өлкөлөргө тиешелүү”,- дейт жаш активист Мирбек Асангариев бүгүн, 21-январдагы маалымат жыйынында.
Анын айтымында, Бажы биримдиги Кыргызстандын көз карандысыздыгына жана саясий эркиндигине таасирин тийгизет.