ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин 21-январдагы жыйынында депутат Карамат Орозова жалпы республикалык тестирлөө боюнча пикир айтты. Ал билдиргендей, чек арага жакын айылдарда окуучулардын ЖРТ аркылуу жогорку окуу жайга өтүү мүмкүнчүлүгү аз.
“Чек ара аймагындагы айылдарда мугалимдер жетишпейт. Балдардын ЖРТ аркылуу ЖОЖго өтүүсүнө жеңилдиктерди берүү же андай айылдарды мугалимдер менен толук камсыздоо керек”,- деди депутат.