Парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин 21-январдагы жыйынында академик Мирсаид Миррахимов атындагы Жогорку Кеңештин сыйлыгын уюштуруу боюнча маселе каралууда. Мыйзам долбоорун депутат Ташполот Балтабаев демилгелеп чыкты. Депутаттар бул сыйлыкты Жогорку Кеңештин эмес, мамлекеттик сыйлык кылууну сунушташууда. Бул боюнча тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек. Айта кетсек, сыйлык медицинага чоң салым кошкон инсандарга берилип, акчалай кошумчасы 5 миң долларды түзөт.
Мыйзам долбоору комитеттен колдоо тапты.