"Орто-Сай" базарындагы контейнерлердин ижара акысынын 6 миң сомдон 25 миң сомго жогорулашына сатуучулар нааразы

"2014-жылдан баштап Бишкектеги "Орто-Сай" базарынын Сүйөркулов көчөсүндө жайгашкан контейнерлердин ижара акысы 6 миң сомдон 25 миң сомго көбөйдү",- деп билдирди сатуучу Александр Степанов бүгүн, 21-январда журналисттерге берген маалымат жыйынында.
Анын айтымында, ижара акысын көтөрүү боюнча эч кандай алдын ала маалыматтар айтылган эмес. Сатуучулардын нааразычылыгынын күчтүү экенине карабай базар ээси "17-январга чейин төлөбөсөңөр, контейнерлериңерди алып салабыз" деп жооп берген. Айрым ижарачылар аргасыз төлөөгө муктаж болушту. Төлөбөгөндөр контейнерлерин жаап, жумушка чыгышпай турат.
"Орто-Сайдын" ижара акысы ЦУМдукундай болуп калды. Бирок ЦУМда кышында жылуу, сатуучуларга дааратканасы акысыз. Бизде эч кандай өзгөрүүлөр жок",- деп Степанов кошумчалады.
"Мыйзам боюнча ижаранын көтөрүлүшү максимум 10 пайызга барабар болуш керек. Бул маселе боюнча биз ИИМге, УКМКга, монополияга каршы мекемеге кайрылдык. Бирок эч кандай майнап чыкпады. Менин оюмча, ижара маселеси базар ээлери менен алдын ала сүйлөшүлгөн", - деп сатуучулардын профсоюзунун башчысы Иван Дробитько түшүндүрдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан