Жогорку Кеңештин депутаттары "мамлекеттик чыккынчылык", "коррупция" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыштардын эскирүү мөөнөтү жөнүндө мыйзам долбооруна кайрадан добуш беришет.
Мындай чечим ЖКнын регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин 21-январдагы отурумунда кабыл алынды. Асия Сасыкбаеванын айтымында, парламенттин добуш берүү учурундагы жыйынына катышпаган депутаттардан арыз келип түшкөн. Комитетке Каныбек Иманалиев, Хажимурат Коркмазов, Курманбек Дыйканбаев, Майрамкүл Тиленчиева жана Талант Узакбаевдер кайрылышкан.
Комитеттин төрайымы Айнуру Алтыбаеванын айтымында, эки депутат гана кагаз түрүндө арыз жазган. Талкуунун жыйынтыгында маселени кайра добуш берүүгө коюу чечими чыгарылды.
Эске салсак, Жогорку Кеңеште 15-январь күнү "мамлекеттик чыккынчылык", "коррупция" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталган адамды кайсы убакыт болбосун, жоопко тартууга мүмкүнчүлүк бере турган мыйзам долбоорун депутаттар колдобой коюшкан.