Бишкек шаарында 20-декабрь күнү британиялык ырчы Jay Sean'дин концертинде милиция кызматкерлеринин ортосунда чыр чыкты.
Күбөлөрдүн айтымында, жарандык формадагы укук коргоо органдарынын кызматкерлери иш-чарага билетсиз кирүүгө аракет кылышкан. Бирок милиция кызматкерлери аларды өткөрбөй коюшкан. Мындан улам тараптардын ортосунда пикир келишпестик чыгып, чыр-чатакка айланган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө билетсиз кирүүгө аракет кылышкандар милиция кызматкерлери экени аныкталган.
Учурда ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан текшерүүлөр жүрүүдө.