Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов ЮНИСЕФтин өкүлү менен жолугушту

Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов ЮНИСЕФтин Ош облусундагы программалык өкүлү Бенжамин Фишер менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу жөнүндө сөз болду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев билдирди.

ЮНИСЕФтин Ош облусундагы өкүлү Бенжамин Фишер жолугушуу учурунда Б.Юсуповго жылуу кабыл алгандыгы үчүн өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, 2013-жылдагы аткарылган иштери жөнүндө жана  2014-жылга түзүлгөн программа боюнча айттып өттү.

Ал эми Байыш Юсупов Бенжамин Фишерден мектепке чейинки билим берүү, спорттук мекемелерге,  төрөт үйлөрүнө жана жаштардын программаларын колдоого алуусун сунуштады.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан