Жалал-Абад шаардык аткаруу комитетинин кеңешмесинде 2013-жылдагы айыл чарба тармагында 340,7 миллион сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 182,7 пайызды түзгөндүгү айтылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 111,7 миллион сомдук продукция өндүрүлүп, өсүү темпи 108,9 пайызды түздү. Ал эми талаачылык чарбасында 229 миллион сомдук продукция өндүрүлүп, өсүү темпи 273,1 пайызга жеткен. Өткөн жылдын күз айларында Т.Тайгараев аймактык башкармалыгында 90 гектар жер аянтына күздүк буудай эгилип, бул көрсөткүч берилген тапшырмага салыштырмалуу 30 пайызга аткарылган.
Ошондой эле тоңдурма айдоо боюнча берилген 150 гектардан 120 гектарга чейинки жер айдалган, башкача айтканда, берилген тапшырма 80 пайыз аткарылган. Ушул жылга ири айыл чарба кооперативдерди түзүү ыкмасы менен өндүрүлгөн айыл чарба продукциясынын көлөмүн 203 пайыз өсүүсүн камсыздоо, фермер, дыйкан чарбаларына арзан баада жер семирткичтерди, химикаттарды, күйүүчү майларды өз убагында жана жетиштүү деңгээлде айыл чарба техникалары жана шаймандары менен камсыз кылууну колго алуу милдеттендирилүүдө.
Муну менен бирге фермер жана дыйкан чарбалары талаачылык жана мал чарба продукцияларын чет өлкөгө экспорттоо аракеттерин көрүү зарылдыгы айтылды.