Бишкекте учурда 6500 жол белгиси болсо, анын 2000и гана талапка жооп берет

Бишкек шаарында бүгүнкү күндө 6500 жол белгилери болсо, анын 4500ү оңдоону, жарык чагылдыруучу элементтерин жаңылоону талап кылат. Муну бүгүн, 21-январда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Борбор шаардагы көчөлөрдүн узундугу 1392 чакырымды түзсө, 380 чакырым жолго гана заманбап жол белгилери түшүрүлгөн. Сыр менен боёлгон жол белгилери 3 айдан 6 айга чейин кызмат кыла турганын, жол белгилеринин сапаты жогору болуш үчүн термопласт пайдалануу керектиги айтылат. Бирок акчасы сырга караганда 3 эсе кымбат. “2013-жылы шаарда 133 жол белгиси орнотулган”,- деп билдирет мэриянын маалымат кызматы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан