Бүгүн, 21-январда Бишкек шаарындагы “Ош базары”, “Дордой”, “Аламүдүн” базарларында, жер алдынан өтүүчү өтмөктөрдө “Кароосуз калгандар” аталышындагы рейд болду. Ага социалдык өнүгүү тармагынын кызматкерлери, юристтер, психологдор, милиция кызматкерлери катышышты. Рейддин жүрүшүндө кароосуз калгандарды катташып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.