КРнын Профсоюздар федерациясы пансионатка берилүүчү жолдомолорду өз мүчөлөрүнө эмес, депутаттарга берип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Эркин профсоюздар конфедерациясынын өкүлү Нурлан Асанов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, федерациянын 700 миң мүчөсү ар дайым взнос төгүп турат. Бирок жыл сайын алардын 15 миңине гана эс алууга жолдомо берилет. Алардын ичинде көп учурда профсоюздардын жетекчилери, алардын туугандары, жакын достору жана депутаттар бар.
"Депутаттар эч кандай профсоюздарга тиешеси жок. Федерация аларга пансионатка берилүүчү жолдомолорду мыйзам боюнча бербеш керек",- деп Нурлан Асанов кошумчалады.