2014-жылы
Баткен аэропортун оңдоп-түзөө иштери башталат. Муну бүгүн, 21-январда ЖКнын
Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин көчмө жыйынында “Манас”
аэропортунун вице-президенти Абдумалик Бусурманкулов айтты. Айтымында, Баткен
аэропорту зор аймактык мааниге ээ. “Долбоордун
техникалык-экономикалык негиздемеси даяр. Жакында компанияларга тендер
жарыялайбыз”,- деди ал.