Борбордук шайлоо комиссиясы №13 көп мандаттуу шайлоо округундагы кайра добуш берүүнү 1-мартка дайындады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, БШК бүгүн, 30-декбарда жыйын өткөрүп, токтом кабыл алган. Ага ылайык, БШКнын аппаратына кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү тапшырылган.
Министрлер кабинети кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды БШКнын чыгымдар сметасына ылайык бөлүп берет.
Эске салсак, БШК Жалал-Абад облусунун №13 округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мекеме аталган округда шайлоо бир ай ичинде кайра дайындаларын, мурдагы 14 талапкер кайра катыша албастыгын билдирген.