"Мелис Мырзакматов баштап кеткен жакшы иштерди улантам",- деп билдирди 20-январда Ош шаарынын жаңы шайланган мэри Айтмамат Кадырбаев. Айтымында, шаардыктар буга чейин кандай жашап келсе, жашоолору ошол калыпта уланат.
"Мелис Мырзакматов баштаган жакшы иштер бар, кемчиликтер дагы бар. Жакшы максатты көздөгөн иштерин сөзсүз улантам",- дейт шаар башчысы. Ош шаарындагы асма көпүрөнүн курулушу уланабы же жокпу деген суроого Кадырбаев так жооп айта алган жок. "Карап көрөбүз, азырынча бир нерсе дей албайм",- деп жооп берди ал.
Жазында Мелис Мырзакматовдун тополоң кылышына негиз жок экенин да билдирди. "Сүйлөшүү жүргүзөбүз. Элди аянтка алып чыгып ызы-чуу салууга, менимче, негиз жок",- дейт Кадырбаев.