26-30-январда орусиялык эксперт Бишкекте ислам жөнүндө лекция окуйт

26-30-январда орусиялык чыгыш таануучу, ислам таануучу жана саясат таануучу Алексей Милашенко Бишкектин жогорку окуу жайларында лекция өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фондунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Алексей Милашенко Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде (КМУУ) жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде студенттер менен жолугушуу өткөрүп, Орусия, Борбор Азия, Жакынкы Чыгыштагы ислам боюнча өз ою менен бөлүшөт жана катышуучулардын суроолоруна жооп берет.
Белгилей кетсек, Алексей Милашенко тарыхий илимдеринин доктору, "Дин, коом, коопсуздук" программасынын башкы илимий кызматчысы жана жетекчилердин бири. Москва мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетинин профессору.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан