Эртең, 22-январда Ош мамлекеттик университетине вице-премьер-министр Камила Талиева жана Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын 40 ректору келет. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз катчысы Керим Калыкулов маалымдады.
Маалыматка ылайык, алар Кыргызстандагы окуу
жайлардын көйгөйлөрү жана андагы коррупциялык схемаларды
азайтуу боюнча талкуу өткөрүшмөкчү.