8-январь күнү интернет булактардын бирине «Араван вай, Араван вай, вай, или о том, что творится в Араванском районе Кыргызстана» деген темада макала жарыяланган эле. Анда Ош облусунун Араван районунун аймагын акыркы күндөрү кылмышкерлер башкарып калгандыгы, алар бийликте да, укук коргоо органдарынын катарында да бар экендиги, өзбек улутундагы атуулдар көчөгө чыккандан коркуп калгандыгы тууралуу жазылган. Ошондой эле «Султик» каймана аттуу Каныбеков Султан деген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өзбек улутундагы ишкерлерден такай акча алып тургандыгы, анын жакында эле өзбек улутундагы ишкер Гуламов Олимжандан 800 АКШ долларын өндүргөнү айтылган. Маалыматта булардан сырткары баңгизаттарды ташуу менен алектенген Сейткулов Бектурдун, аларга жардам берип келген Ош облустук ИИБинин ыкчам иликтөө кызматында иштеген Искандаров Миркамил аттуу милиция кызматкеринин аттары жазылган.
Бул макала боюнча КРнын ИИМинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан атайын кызматтык текшерүү жүргүзүлгөндүгү тууралуу бүгүн, 21-январда ОИИББинин басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев билдирди.
Маалыматка караганда, кызматтык текшерүү учурунда Араван районунун аймагында Каныбеков Султан, Гуламов Олимжан, Сейткулов Бектур жана Искандаров Миркомил аттуу атуулдар жашабагандыгы аныкталган. Ошондой эле Ош облустук ИИБнин уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүндө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катарында Каныбеков Султан жана Сейткулов Бектур аттуу атуулдар каттоодо турбагандыгы айкын болду. Аны менен катар ички иштер органында Искандаров Миркамил аттуу кызматкердин иштебей тургандыгы анык болгон.