Бүгүн, 6-январда Бишкек шаарынын Абай көчөсүндө жайгашкан карылар үйүндө өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен имараттан 15 адам коопсуз жерге эвакуацияланган.
Өрт учурунда эки адам каза болгон. Кырсыктын себептери учурда такталып жатат.
Окуя боюнча тиешелүү кызматтар тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.