Социалдык стационардык жана психоневрологиялык мекемелерде тамак-ашка бөлүнгөн каражат эки эсе жогорулатылат

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомго кол койду. Бул тууралуу 21-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Аталган документке ылайык, социалдык чөйрөдө, мамлекеттик органдын мекемесинде жашаган кызмат алуучулар үчүн нормалдуу жашоо шартын түзүү максатында тамактануунун акчалай тартиби өзгөртүлүп, мурдагыга салыштырмалуу эки эсеге көбөйтүлдү.

Буга чейин карылар, майыптар үйү жана чоң адамдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерде тамак-ашка күнүнө 55 сомдон, ал эми балдар үчүн психоневрологиялык жайларда 65 сом бөлүнүп келген.

Социалдык өнүгүү министрлигинин системинде 15 социалдык стационардык мекеме (интернат үйлөр) иштейт, алардын 14ү республикалык бюджеттен каржыланат. Азыркы учурда социалдык стационардык мекемелерде 2301 адам жашайт, анын ичинде: карылар жана майыптар үчүн социалдык стационардык мекемелерде 758, чоңдордун психоневрологиялык мекемесинде 1182 жана балдардын психоневрологиялык мекемесинде 361 адам жашайт.

Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борборунда республиканын бардык аймагынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн комплекстүү реабилитациялоо иши жүргүзүлүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан