Психоневрологиялык мекемелерде тамактануу үчүн бөлүнгөн акчаны эки эсе жогорулата турган токтомго кол коюлду

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “КРнын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” өкмөт токтомуна кол койду.

Токтомго ылайык, Социалдык өнүгүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мекемесинде жашаган кызмат алуучулар үчүн нормалдуу жашоо шартын түзүү жана алардын минималдуу физиологиялык керектөөсүн канааттандыруу үчүн тамактануунун акчалай тартиби бир адамга төмөнкү көлөмдө бекитилсин:

- психоневрологиялык оорукчан балдар үчүн 110 сом

- психоневрологиялык оорукчан чоңдор үчүн 100 сом

- карылар жана майыптар үчүн 110 сом.

Буга чейин карылар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үйү жана чоң адамдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелерде тамак-ашка күнүнө 55 сомдон, ал эми балдар үчүн 65 сомдон бөлүнүп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан