
Өзгөн районунда 3 милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар 2 жаранды мыйзамсыз кармап, тиешелүү процессуалдык документтерди түзбөстөн, физикалык зомбулук көрсөтүшкөн. Натыйжада, бир жарандын ден соолугуна оор залал келтирилген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликтен аша чабуу" жана "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренелери менен кылмыш иши ачылып, тергөө иши УКМКга өткөрүлүп берилген. Кармалгандар 2 айга камакка алынышты.