ИИМ ири алдамчылык фактысын жана буга чейин зомбулук боюнча келип түшкөн кайрылууларды иликтөөдө.
Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 2022-жылы жаран Б.А. аттуу жаран алдоо жолу менен акча каражаттарын алып, аларды жеке максаттарына жумшаганы аныкталган. Мындан тышкары ички иштер органдарына аталган адамдын жубайынан буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылуулар келип түшкөн. Бул материалдар катталып, мыйзамда белгиленген тартипте каралууда.
Тергөө иш-чаралары уланууда.
Эскерте кетсек, буга чейин эл өкүлүнүн 38 жыл чогуу жашаган аялы
Батма айым УКМКнын башчысы
Камчыбек Ташиевге кайрылып, жолдошу тарабынан зомбулук болуп жатканын
билдирген.