Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети “Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуу” мыйзамдын аткарылышы боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматын укту.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Кубанычбек Чойбековдун айтымында, 2013-жылы өлкө аймагында 690 адам эпидемиялык паротиттен жабыркаган. Бул ооруга чалдыккандардын саны акыркы жылдары эки эсе өстү. Мындай илдетке көбүнесе 14 жашка чейинки балдар кабылууда.
Эмдөө иштерине ички, тышкы миграциялык агымдар терс таасирин тийгизип жатканы айтылды. Айрым учурда диний көз караштардан улам эмдетүүдөн баш тарткан жарандар болуп жатканын, мындай көрүнүш Ош жана Жалал-Абад облустарында көп кездешерин республикалык иммунопрофилактикалык борбордун жетекчиси Жолдош Калилов айтты. Айтымында, 2013-жылы алдын ала эмдөөдөн баштарткандардын көрсөткүчү республика боюнча 2,5 пайызды түзгөн.
Талкуу жыйынтыгында комитет мүчөлөрү аталган мыйзамдын аткарылышы жөнүндөгү маалыматтар айтылган сунуш-пикирлерди камтуу менен эске алынсын деген чечимге келди.