2013-жылы мамлекеттик эмес уюмдардын лидерлери, саясий партиялар жана коомдук уюмдардын катышуусунда борбор калаада 452 митинг болуп өттү. Бул тууралуу 21-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, нааразылык акцияларынын 303ү саясий мүнөздө, 149у социалдык-экономикалык, 3 жол тосуу болсо, 231 соттук процесс өткөрүлгөн.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамы тарабынан 254 расмий эмес иш-чаралардын коопсуздугу камсыз кылынды. Акцияларга жалпысынан 1 316 745 адам катышып, коомдук тартипти сактоо үчүн 37 851 милиция кызматкери тартылган.