
Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары
Медер Абакиров АКШнын элчиси
Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Андагы маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-америкалык мамилелерди өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашкан.
"Кийинки жылдын 4-5-февралында Бишкек шаарында өтө турган "B5+1" форумуна даярдык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Форумдун аймактык диалогду чыңдоодогу жана кызматташтыкты кеңейтүүдөгү мааниси белгиленди",- деп билдирди министрлик.
Ошондой эле жолугушууда АКШ тарабынан Кыргызстандын жарандарына B-1/B-2 визаларын берүүдө киргизилген кошумча талаптар маселеси да көтөрүлгөн. Кыргыз тарап жарандардын өз ара сапарларын жеңилдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп өткөн. Тараптар визалык маселелер боюнча кабыл алынуучу чечимдерди биргеликте издөөнү макулдашты.